Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 3
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши айыл аймагындагы айылдырга таза суу маселесин карап чыгып, “Ак -Терек” булагына каптаж куруу максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .“Ак -Терек” булагына 227-контурдун ичиндеги жердин түрү боюнча жараксыз 0,25га жер тилкеси суу каптаж куруу үчүн берилсин.
2. “Ак -Терек” булагына курулуучу каптаждын курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына суралсын.
3. “Ак -Терек” булагына курулуучу каптажды катоого алуу, керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгын суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Нышанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К |