Редакцияот 19.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын XII сессиясы

 

2018-жылдын 19-февралы № 2

“Жер салыгынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө”

 

Кызыл-Суу айылдык Кеңеши, айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Карабаев Курстанбектин жер салыгынын өлчөмүн жогорулашын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 жана 339- статьясынын негизинде сунушун угуп, талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Карабаев Курстанбектин сунушу эске алынсын.

2. Кызыл-Суу айыл аймагындагы кайрак, чөп чабык жана эшик алды жерлерден алынуучу салыктардын ставкасы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.

1. Кайракы жер 1га -100 сом

2. Чөп чабынды жер 1га – 50 сом

3. Ал эми айлананы тазалоодон бир үй бүлөө мүчөсүнө 10 сом өлчөмүндө чегерилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчы Касимов Кимсанбекке жүктөлсүн.

 

Төрага

Дадабаев К