Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 5
Кызыл-Суу айыл аймагында жайыт жерлер иретсиз пайдаланып, натыйжада жер кыртышынын бузулушуна алып келүүдө.
Жалпы элдин суроо- талаптарын аткаруу максатында жайыт жерлерди коргоо, туура пайдалануу, жер кыртышын сактоо максатында алдын алуу иш аракеттерди ыкчам жүргүзүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы бардык жайыт жерлер көзөмөлгө алынсын, жайытты коргоо, иреттүү пайдалануу ,сактоо иштери жүргүзүлсүн. Жайытка малдын сыйымдуулугу каралып, ашыкча мал алып келинбесин. Сырттан мал алып келүүгө тыюу салынсын.
2. Жайыт жерлер айылдардын шартына ылайык жаздык, жайкы жана күздүк жайыттар эске алынсын. Жайытка чектеш айыл өкмөттөр, райондук чек аралардын маселеси чечилсин. Чек араларды аныктоо жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Айыл тургундары мал-жандыктары жана жайлоого чыгышсын айылдык айланасы күздүк жайыт үчүн пайдаланууга сакталсын. Бул иштерди уюштуруу жагы жайыт комитетинин жана айыл башчыларга милдеттендирилсин .
4. Алыскы жайыттагыларды колдонуу үчүн фермер чарбалардын дыйкан чарбалардын башчыларына мал кармаган чарбакерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жайытка баруусуна көрсөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К |