Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 6
Айылдык Кеңештин төрагасы К Дадабаев тарабынан тартип маселеси көтөрүлүп, анда айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга катышуусу жана туруктуу комиссиялардын иш алып баруусу жөнүндөгү маселелер талкууланды. Депутат Акматов Керимбектин себепсиз түрдө 3-4 сессияга катышпагандыгы тууралуу чара көрүүнү сунуш кылды. Айылдык Кеңештин депутаттары жогорудагы сунушту карап чыгып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин депутаты Акматов Керимбек Эркетаевич айылдык Кеңештин сессияларына себепсиз катышпагандыгы жана сессияга коюлган айрым маселелердин каралышын артка тарткандыгы үчүн эскертүү берилсин.
2. Айылдык Кеңештин депутаттарынын тартип маселесин көзөмөлгө алуу Кеңештин төрагасынын орун басары Садыков Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Дадабаев К |