Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-февралы № 7
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, салык кызматчысы, жер адиси, жайыт комитетинин кызматчыларынын сунуш -пикирлерин эске алуу менен айыл аймагында айрым жер пайдалануучулардан жер салык, соц фонд ижара акысын өндүрүү максатында айылдык Кеңеш төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдоого жарактуу болгон, бирок жайытка жакын жерлерди айрым жер иштетүүчүлөр пайдаланып келет. Жер пайдалангандыгы үчүн келишимдин негизинде салык төлөп келгендер жана жер салыктарын төлөбөгөндөр бар. Ошондуктан айдоого жарактуу болгон жерди жер иштетүүчү тосуп алып иштеткен болсо, иштеткен жердин 1га аянты үчүн 500 сом өлчөмүндө жер салыгы төлөнсүн.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына, жер адис, салык кызматчы, жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К |