Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 1
Кызыл-Суу айылдык кеңеши долбордун Кичи гранттар программасынын шарттарына жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө кошо каржылоого артыкчылыктуу “ Таза суу- Өмүр булагы” ылайык жана “Жарык көчө- Жарык жашоо” долбоорлорун каржылоо шарттарына ылайык Швейцария Өкмөтү каржылаган “ Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги : бюджеттик процесс” долбоору менен Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы 23.03.2018-жылдагы макулдашуунун негизинде жана долбоор тарабынан 2000000 ( эки миллион) сом акча каражаты бөлүнгөндүгү тууралуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К Касымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүгү боюнча 2000000 ( эки миллион ) сомго кошумча бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
1. Бөлүнгөн 2 000 000 ( эки миллион) сом акча каражаты макулдашууда көрсөтүлгөн долбоорлорго жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К Касимовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Дадабаев К |