Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 2
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош , Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү жөнөткөн 2018-жылдын 3-мартындагы № 01-12/133 чыгыш катын аткаруу максатында Кызыл-Суу айылдык Кеңешин төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан тартып, 2016-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктери үчүн кызматчыларга чара көрүүсүн айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Дадабаев К |