Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 1
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нышанбаев чыг №86 сандуу 07.06.2018-жылдагы катын карап жана Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нышанбаевге «Меджик Колорс» ЖЧК ишканасынын директору Тойчубеков Марат Камаловичтин жиберилген кириш№35 сандуу 04.06.2018-жылдагы арызынын негизинде келип түшкөн маселени карап жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Меджик Колорс» ЖЧК ишканасынын директору Тойчубеков Марат Камаловичтин арызынын негизинде Таш-Короо жана Талды-Конуш участкасындагы 13,0 га жер аянты көмүр казып алуу үчүн 2033-жылга чейин убактылуу берилсин.
2. Көмүр кен казып алууга берилген 13,0 га жердин иштетилишин көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын жана «Меджик Колорс» ЖЧК ишканасынын директору Тойчубеков Марат Камалович менен айыл өкмөт башчысы М.Нышанбаев келишимдин негизинде иш алып барууга милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
Төрага | Дадабаев К |