Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-июну № 2
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши 2018-жылдын бюджетине 666,0 (Алты жүз алтымыш алты миң) сом кошумча кароо жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Касимов Кимсанбектин докладын угуп жана талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетине кошумча чыгаша жана киреше бөлүгү 666,0миң сомго бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Касимов Кимсанбекке милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Төрага | Дадабаев К |