Редакцияот 16.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын XVI сессиясы

 

2018-жылдын 16-августу № 2

“Кызыл-Суу айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн сапаттык курамын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык Кызыл-Суу айыл аймагынын шайлоочулары тарабынан көрсөтүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамын бекитүү максатында Кызыл-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Суу айыл аймагынын шайлоочулары тарабынан көрсөтүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамы бекитилсин.

2. Бул токтомдун керектүү сандагы нускасы Кара-Суу райондук аймактык шайлоо участкасына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

Дадабаев К