Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 2
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши, Кызыл-Суу айыл аймагынын Кызыл-Талаа участкасынан ат майданына жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Талаа участкасынан ат майданы үчүн 2 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Талаа участкасындагы ат майданы үчүн бөлүнгөн жерге Аманов Таабалдынын ысмы берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М Нышанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К |