Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 4
Кызыл-Суу айылдык Кеңеши, Коргон айылына таза суу тартуу маселесин карап чыгып, анда Чайчи айылына суу кампа ( каптаж) куруу максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коргон айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында Чайчи айылындагы № 605 контурунда жайгашкан 0,25 га жер тилкеси суу кампа курууга бөлүнүп берилсин.
2. Чайчи айылына суу кампа курулуштарына керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.
3. Чайчи айылына суу кампа курууга керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жана каттоого алуу жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Адишов Эмилге жүктөлсүн.
Төрага | Дадабаев К |