Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 1
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун 2018-жылда аткарган иштери боюнча отчетун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун 2018-жылда аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын жана төмөндөгүдөй сунуштар боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин:
1. Канжыганын алдындагы көпүрөнү Аташ колотуна жылдыруу;
2. Айыл өкмөттүн имаратына адвокад жалдоо;
3. Мегаком 4 ж интернет байланышын орнотуу ;
4. 6 га жер аянтын улак чабуу үчүн убактылуу ижарага пайдаланууга берүүнү кароо;
5. КБФ нын жерлерин сугат сууга айландыруу үчүн Курманбек каналы боюнча жогорку органдарга кайрылуу;
6. Саты айылындагы ФАП тын жер аянтын тактоо;
7. 523 га жер аянтын кайрадан тактоо жагы жер комиссиясына жүктөө;
2. Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча ФЭБ башчы Э.Эрматованын маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
Төрага | Ч. Тайгараев |