Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 3
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 1170,3 миң сом калдыгын жумшоо жөнүндө Курманбек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун карап чыгып, Курманбек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январына калган 1170,3 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык төмөндөгү чыгымдарга жумшоого багытталсын:
- Жоон-Күнгөй айылынынын ички көпүрөсүн оңдоого 133,7 миң сом,
- Таран-Базар айылындагы Торпу участкасындагы мал ичүүчү суу түтүгүн тартууга айыл өкмөттүн салымы үчүн 200,0 миң сом ,
- Калмак-Кырчын айылындагы ФАПтын курулушу үчүн айыл өкмөттүн салымына 500,0 миң сом,
- Кара-Чолок айылындагы спорт залдын курулушуна керекүү материалдарды алуу үчүн 100,0 миң сом,
- Кара-Чолок айылындагы Ысмайыл мектебинин имаратынын учурдагы оңдоосу үчүн 50,0 миң сом,
- Айыл өкмөтүндөгү түзүлүп жаткан муниципалдык ишкананын уставдык капиталына 100,0 миң сом,
- Саты орто мектебинин жылытуу системасынын капиталдык оңдоого 36,6 миң сом,
- Спорттук жана маданий иш чараларды өткөрүүгө 50,0 миң сом бөлүнсүн.
2. 2019-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |