Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 4
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамынын, КР өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, Курманбек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТОКТОМ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесиндеги көргөзүлгөн кызматтардын стандарттары бекитилсин. (стандарттын тиркемелери тиркелет)
2. Аталган токтом www. Kurmanbek- aimak. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айылдык кенештин мыйзамдуулук жана укук сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |