Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 15
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчилике алуу менен айылдык кеңештин депутаттары талкуулашып төмөндөгүдөй токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2018-жылдын 24-ноябрындагы № 192 –буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Э.Эрматовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Тайгараев |