Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-февралы № 5
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн Бөбүй айылынын территориясынан калктуу конуштан алыс жерден экологиялык, ветеринардык талаптарга ылайык мал союлуучу жай курууга уруксат берилсин. Курулуш үчүн ыӊгайлуу жер тилкенин ордун аныктап, ажыратып берүү Сакалды айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы, муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси К. Абдилат уулуна тапшырылсын.
2. Бул жайдын бардык ыңгайлуулуктарын эсепке алуу менен тийиштүү документтерин жана уруксат корутундуларын даярдоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Орозалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сакалды айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Нышанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |