Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-февралы № 7
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 499 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук Архив фонду жөнүндө Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн иш кагаздарынын номенклатурасына ылайык документтерди сактоо,алардын эсебин алуу,иретке келтирүү жана пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик сактоого өткөрүүгө даярдоо үчүн атайын архив бөлмөсү талапка ылайык абалда кармалсын.(жарыкты тосмолоо,жылуулук,температуралык нымдуулук режимин жөнгө салуучу прибор, өрткө каршы шайман,терезени карангылатуу ж.б)
2. Айыл өкмөттүн штаттык курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен айыл өкмөттүн типтүү түзүмүндө архивариус бирдиги каралбаганына байланыштуу айыл өкмөттүн архивариус милдети кошумча милдет катары айыл өкмөттүн адистеринин бирине жүктөлсүн.Бул жумуштарга жумуш акы жана архивдин зарыл чыгымдары мыйзамда тыюу салынбаган булактардан каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |