Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-февралы № 9
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы “Кыргызстан” айыл чарба кооперативинин имаратын айыл өкмөттүн балансына алуу маселеси төмөнкүлөргө негиз айылдык кеӊештин колдоосун тапкан жок деп бекитилсин:
-“Кыргызстан” айыл чарба кооперативинин имараты аталган кооперативдин мүчөлөрүнүн мүлкү болуп эсептелет.Андыктан бул имаратка мүлктүн ээлеринин ар биринин макулдугу болмоюнча айыл өкмөтү имаратты муниципалдык менчикке алууга укугу жок.
-аталган кооперативдин мүчөлөрүнүн макулдугун тастыктаган жыйналыштын протоколунун жана катышуучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугунун жоктугу.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Нышанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |