Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-февралы № 10
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган “Аримжан айылына кичи футбол аянтчасын куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 480000 (төрт жүз сексен миӊ) сом акча каражаты өздүк салым катары ажыратылсын.
2. Акча каражатын ажыратып берүү Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеӊешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |