Редакцияот 02.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

2019-жылдын 2-февралы № 11

№11 Э.Алиев орто мектебин ремонттоо долбооруна өздүк салым кароо жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган “ № 11 Э.Алиев орто мектебин ремонттоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 502555 (Беш жүз эки миӊ беш жүз элүү беш) сом акча каражаты өздүк салым катары ажыратылсын.

2. Акча каражатын ажыратып берүү Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеӊешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Юсуповага жүктөлсүн .

 

Төрага

Д. Бекназаров