Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 4
Жайыл айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Г.Шаршенованын 2017-жылдын бюджетинен 2 млн. 800 миң сом калдык калган тууралуу маалыматын бюджеттик комиссияда үстүртүдөн каралып жана бөлүштүрүүнү талкууланып чыгып, Жайыл айылдык Кеңешинин сессиясы төмөнкүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл аймагынын жолдорун оңдоо иштерине 150000 сом каралган, 2017-жылдын калдыгынан 250000 сом кошумча каралсын.
2. Жайыл айылынын клубунун оңдоо иштерине 500000 сом каралсын.
3. Алексеевка айылынын С.Нуржанова жана Жукова көчөлөрүнүн жарыктыгына 250000 сом каралган, кошумча калдыктан 150000 сом каралсын.
4. Алексеевка айылындагы сейил бакчасынын коргонуна 900000 сом каралсын.
5. Алексеевка айылынын суу түтүктөрүн оңдоо иштерине 300000 сом каралсын.
6. Айылдык кеңештин депутаттарынын кабинетинин оңдоо иштерине 100000 сом каралсын.
7. Коомдук профилактикалык борборунун аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө айлык акы катары 12000 сом каралсын.
8. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондунда 588000 сом калсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Меркибаев |