Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-августу № 9
2011-жылдын 30-июлундагы “Кыргыз Республикасынын референдум жана шайлоо боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин п.1, п.5, 2011-жылдын 8-июлундагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнүн жана таркашынын тартиби тууралуу” Абалдын негизинде, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиялардын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча маалыматты жана иш баяндамаларды карап чыгып, Жайыл айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 1-тиркемеге ылайык №7338, №7339, №7340 – шайлоочулардын жыйынынан участкалык шайлоо комиссиялардын курамы бекитилсин.
2. Жайыл айылдык кеңеши Жайыл территориалдык шайлоо комиссиясына кезексиз сессиянын токтомун, көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча маалыматты жана жыйындын иш баяндамасын жөнөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.К.Алымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Меркибаев |