Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 11
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республиксынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында айылдык кеңеш:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыл айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы кийинки курамда бекитилсин:
- Чолпонкулов К.К. - Жайыл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
- Каракашева А.К. -Жайыл айыл өкмөтүнүн статистика жана экономика боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
- Райимкулова К. - Жайыл айыл аймагынын аксакалдар сотунун мүчөсү;
- Керимбеков Э.А. - Жайыл айылынын башчысы;
- Исаев Б.Т. - Жергиликтүү кеңешинин депутаты;
- Базаркулов Дж.К. - Жергиликтүү кеңешинин депутаты;
- Ниязова А.К. - Алексеевка орто мектебинин директору;
- Абдыраимова А.К. - Жайыл негизги метебинин директору;
- Войтенко Н.А. - Жайыл айыл аймагынын кварталдык комитетинин төрайымы;
- Кыдыралиева Ж.К. - Алексеевка айылынын активисткасы;
- Аблабеков А.М. - Алексеевка жана Жайыл айылынын милициялык аймактын ыйгарымдуу өкүлү.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы – З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Меркибаев |