Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 15
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин алдындагы Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондуна (КР ФМ МЭӨФ) Жайыл айыл өкмөтүнүн, “Жай Булак” АВПнын жана “Жайыл” СХПКнын карыздары боюнча Жайыл айыл өкмөтүнүн ТЖКЧ жана ӨК боюнча башкы адиси Б.М.Баймонкоевди угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл өкмөтү “Жайыл” СХПКнын төрагасы Д.Авазкановго КР ФМ МЭӨФна карыздарын төлөө тууралуу кат жөнөтүшсүн.
2. Кр ФМ МЭӨФна “Жай Булак” АВПнын карыздары Жайыл айыл өкмөтүнүн эсебинен төлөнсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Меркибаев |