Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 16
Алексеевка айылынын Школьный менен Центральный көчөлөрүнүн кесилишиндеги 858-контурду трансформациялоо керектиги боюнча Жайыл айыл өкмөтүнүн ТЖКЧ жана ӨК боюнча башкы адиси Б.М.Баймонкоевди угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеш:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл өкмөтү Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимине 858-контурду трансформациялоо тууралуу сунуштама жөнөтсүн.
2. Алексеевка айылынын участкаларын инвентаризациялоо боюнча төмөнкү курамда комиссиясы түзүлсүн:
- Солтонов У.Т. - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
- Баймонкоев Б.М. - ТЖКЧ жана ӨК боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү:
- Чолпонкулов К.К. - айылдык кеңештин депутаты;
- Таалайбек у.Т. - айылдык кеңештин депутаты;
- Акматов А.Ж. - айылдык кеңештин депутаты;
- Джумабеков М.Б. - айылдык кеңештин депутаты;
- Кудайбергенов К.Ш. - айылдык кеңештин депутаты.
Төрага | А.К. Меркибаев |