Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 17
2018-жылдын жыйынтыгы менен Жайыл айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине сыйлык акы берүү боюнча Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы У.К.Адековду угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине тизме боюнча бир окладдан сыйлык акы берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Меркибаев |