Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-февралы № 3
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдагы экономия болгон 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатынан жана «Нур-Телекомдон» түшө турган акча каражатынан Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылындагы бала бакчанын инвентарына 100 000 (жүз миң) сом, Арал айылынын «Айзирек» бала бакчасынын тышкы ойночу аянтына жана ички инвентарларына 50 000 (элүү миң) сом Сары-Талаа жер участогунан түшкөн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде «Жеңиш-Туусу» басылмасында, райондук администрациянын Интернет тармагындагы расмий сайтында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Ө. Чоялиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |