Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели № 3
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагында жазгы айдап- себүү иштери өз убагында колго алынсын жана техниканы пайдаланууда төмөндөгү баалар бекитилсин.
- Айдап себүүгө 1га 800 (сегиз жүз) сом акча 20 литр май;
- Селка үчүн 1га 400 (төрт жүз) сом акча 10 литр май;
-Малалоо үчүн 1га 400 (төрт жүз) сом акча 10 литр май;
Жалпы 1 гектарга кетүүчү чыгым 1600 (миң алты жүз) сом , 40 (кырк) литр май керектелээри менчик ээлерине түшүндүрүү менен иш алып барылсын жана патент алуу жагы эскертилсин.
2. Айыл аймагында айдоо аянттарында корук уюштуруу иштери 25-апрелден башталсын жана бадачыларга ички, сырткы жайыттарга 10 –майдан баштап көчүү жагы милдеттендирилсин.
Эгерде корук мезгилинде айдоо аянттарына, чөп чабындыларга мал түшсө келтирилген чыгым мыйзам чегинде атайын түзүлгөн комиссия тарабынан эсептелинип мал ээсинен же бадачыдан өндүрүлөт:
- Бир баш бодо малга 200 сом
- он баш майда малга 50 сом
камалган малдан чыгым болсо жоопкерчиликти мал ээси тартаары белгиленсин.
3. Алыскы жайыттарга көчүү 10-майдан, ал эми кайтып келүү 15-октябрга белгиленсин,
Белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе малчыга 5000 (беш миң) сом айып салынаары бадачыга тааныштыруу менен эскертилсин.
-Кеӊ-Саз, Кара-Кенин нооту, Ак-Чеке жайыттарынын жер кыртышы бузулгандыгына байланыштуу малчыларга аталган жайыттарга чыгууга тыйу салынат.
4. Көк-Ирим айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баада бекитилгани жана ар бир ашыкча салынган сом үчүн чара көрүлөрү, патент киргизүү жагы каралаары эскертилсин.
- Бир баш бодо малга 300 (үч жүз) сом
- Бир баш кой-эчкиге 50 (элүү) сом
5. Айлана чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү – жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында иш чаралары бекитилсин. Бекитилген иш чаралар боюнча жооптуу кызматкерлер С.Мурзабеков, Муса уулу Жанай өз убагында маалымат беришсин.
6. Эгерде жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса 500 сом айып салынсын.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |