Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели № 4
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеев өздүк карамагындагы жеӊил унаасын коомдук жумуштарга пайдалануу үчун келишим менен иштөөсүнө уруксат берилсин.
2. Токтом мамлекеттик тилде райондук мамлекеттик администрациясынын интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |