Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели № 5
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имараттар (№3 Бейше, №6 Бирдик орто мектептери, «Айзирек» бала бакча, Бирдик эс алуу паркы, М. Жунушалиев атындагы маданият үйү, ФАП, Арал айылынын киреберишиндеги арка, «Б. Лөлүев» атындагы спортзал, кампа, «Өчпөс от»), жабдуулар Кыргыз Республикасынын «Мүлккө» муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Токтом мамлекеттик тилде райондук мамлекеттик администрациясынын интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |