КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 3
«Көк-Ирим айыл аймагынын жайыттары жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык Көк-Ирим айылдык кеӊешинин депутаттарынын XV сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин.
а. 2017-жылдагы жайыт пайдалануу үчакы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- Ийри мүйүздүү мал бир баш үчүн - 83 сом
- Кой-эчкилер бир баш үчүн - 17 сом
- Жылкыга бир баш үчүн - 83 сом
- Жаш бодо малга - 58 сом
б. Башка райондордон жана айылдардан келген мал башына:
- Ийри мүйүздүү мал бир баш үчүн - 110 сом
- Кой-эчкилер бир баш үчүн - 34 сом
- Жылкыга бир баш үчүн - 110 сом
- Жаш бодо малга - 80 сом
- Эшек - 110 сом
3. Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджеттке багыттоо милдети жүктөлсүн
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо тиркелген кабыл алуу өткөрүп берүү актысына ылайык инфраструктурасын тиешелүү объектилери өткөрүп берилсин.
5. Бул токтом токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке жүктөлсүн.
Төрага | С. Топоев |