Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 4
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарынын жашоочулары менен болгон 01.06.2017-жылдагы чогулуштарынын жыйынтыгы деп табылган №4 протоколдору жактырылсын.
2. Айыл элинин эӊ орчундуу көйгөйлүү деп табылган төмөндөгү үч долбоор:
- КАМАЗ-техникасын алуу
- Чөп таӊгактагы пресс-подборщик техникасын алуу;
- суу жээктерин бекемдөө максатында 800 даана габион алуу долбоорлорун жазып Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусуна кароо сунушталсын жана акча каражаты менен каржылоо жагы суралсын.
3. Жогорудагы долбоору ишке ашыруу тиешелүү иш кагаздары мыйзам чегинде даярдалсын жана иш кагаздарын даярдоо жагы Канболот к Перизатка милдеттендирилсин.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |