Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-июну № 5
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Агенттик жана Хельветас Свисс Итеркооперейшн Ассоциясынын филиалы Өнүктүрүү саясат институту менен Консорциумда ишке ашырган «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун кичи гранттар программасынан утуп алган 2 млн 225 миӊ сом жергиликтүү бюджетке киргизилсин.
2. «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун кичи гранттар программасынан утуп алган 2 млн 225 миӊ сом Бирдик айылындагы бала бакчанын ички инвентарын алууга пайдаланууга берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |