Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-августу № 1
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылындагы Бала бакчанын инвентарын алуу үчүн ОАО «Кыргызалтын» комбинатынан түшкөн акчадан 50 000 (Элүү миӊ) сом , Рысалиев Мараттан түшкөн 64 250 (Алтымыш төрт миӊ эки жүз элүү) сом, Кан-Ачуу паркынан 60 647 (Алтымыш миӊ алты жүз кырк жети) сом, Сары-Талаа участкасынан түшкөн 65 000 (Алтымыш беш миӊ) сом жана «Нур-Телекомдон» түшкөн 35 103 (Отуз беш миӊ бир жүз үч) сом акча каражатынан Бирдик айылындагы жаӊы салынып жаткан бала бакчага өздүк салымга жалпы 275 000 (Эки жүз жетимиш беш миӊ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Топоев |