Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-декабры № 4
Агенттик жана Хельветас Свисс Итеркооперейшн Ассоциясынын филиалы Өнүктүрүү саясат институту менен Консорциумда ишке ашырган «Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» жана долбоорду ишке ашырууга Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө түшкөн атайын каражатынан 12 300 сомду бала бакчанын 3112 статьясына отургузуу жана 2017-жылдагы бекилген акча каражатынан статьядан статьяга которуу жөнүндө ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүктүн билдирүүсүнүн негизинде маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин кезектеги чакырылган XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аппараттын атайын каражатынан 2215 статьясынан 2211 статьясына 21875 (Жыйырма бир миӊ сегиз жүз жетимиш беш) сом которулуп берилсин.
2. Аппараттын атайын каражатынан 2215 статьясынан 3112 статьясына Бирдик айылындагы жаӊы салынган бала бакчага 55 305 ( Элүү беш миӊ үч жүз беш ) сом которулуп берилсин.
3. Аппараттын 2215 статьясынан 2214 статьясына 40 000 (Кырк миӊ) сом бюджеттен которулуп берилсин.
4. Жалпы билим берүүчү орто мектептерге 2224 статьясынан 2222 статьясына электр жабдууларды жана башка жабдууларды алып берүүгө 28 000 (Жыйырма сегиз миӊ) сом которулуп берилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы К. Эпеевке тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |