КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XVII сессиясы
2017-жылдын 5-декабры № 6
Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык КЗ зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде Көк-Ирим айыл аймагында КЗ зоналдык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү боюнча, Көк-Ирим айылдык кеӊешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин (IV чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн аймагында КЗ зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
§ Үй жанындагы короо жай багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн КЗ=1 өлчөмүндө;
§ Коммерциялык иш жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактарга айыл өкмөтүнүн борборунан тышкары бардык аймактарга КЗ=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
§ Кен, өнөр-жай ишканалары, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, геологиялык чалгындоо, долборлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери, байланыш жана электр берүүлөрдүн аба линиясы, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери, аба транспорт, коомдук тамактануу, мейманкана, банктар, күрөө каналар, акча алмаштыруу пунктары, офистер, май куйуучу станциялар, иштелип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разьездер, кум төгүүчү жайлар жана санитардык коргоо зоналары КЗ= 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Транспорттук ишканалардын административдик имараттары, айровокзалдар, аэропорт, автовокзалдар, автостанциялар жана чакан базарлар, соода базар комплекстери, мал, жем сатуучу базарлар КЗ=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Жогоруда аты аталбай калган юридикалык жана физикалык жактар үчүн КЗ=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
4. Бул токтом 1-январь 2018-жылдан баштап күчүнө кирет. 2020-жылдын 31-декабрында күчүн жоготот.
5. Иштебей токтоп турган дүкөндөргө, чакан ишканаларга 0,3 коэффициенти колдонулсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеӊештин алдындагы Бюджет , экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Топоев |