Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-декабры № 7
ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүктүн билдирүүсүнүн негизинде меселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин кезектеги чакырылган XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аппараттын атайын каражаттарынан 2215 статьясынан 2211 статьясына командировочный расход 21875 (Жыйырма бир миӊ сегиз жүз жетимиш беш) сом которулуп берилсин.
2. Аппараттын атайын каражатынан 2215 статьясынан 28 800 (Жыйырма сегиз миӊ сегиз жүз) сом, 2218 статьясынан 14 200 (Он төрт миӊ эки жүз) сом, 2222 статьясынан 17 000 (Он жети миӊ) сом, 3112 статьясына Бирдик айылындагы жаӊы салынган бала бакчага генератор алууга жалпы 60 000 (Алтымыш миӊ) сом которулуп берилсин.
3. Аппараттын 2215 статьясынан 2214 статьясына 40 000 (Кырк миӊ) сом, Транспорттук чыгым үчүн которулуп берилсин.
4. Жалпы билим берүүчү орто мектептерге 2224 статьясынан үнөмдөлүп калган 28 000 (Жыйырма сегиз миӊ) сомду 2222 статьясына электр чубалгаларын жана башка жабдууларды алып берүүгө которулуп берилсин.
5. Жайыт комитетине маданият үйүнөн 2215 статьясынан 14 600(Он төрт миӊ алты жүз) сом, 2222 статьясынан 7 400 (Жети миӊ төрт жүз) сом жалпы 22 000 сом Жайыт комитетинин 2215 статьясына келишимдин негизинде айлык маяналарды берүү үчүн акча каражаты которулуп берилсин.
6. Бала бакчанын атайын каражатынан 2218 сатаьясынан 12 300 (Он эки миӊ үч жүз) сом Суунун моторун алууга 3112 статьясына которулуп берилсин.
7. Бала бкчанын 2218 статьясынан үнөмдөлүп калган 55 900 (Элүү беш миӊ тогуз жүз) сомдон электр энергия үчүн 2231 статьясына которулуп берилсин.
8. Маданият үйүнүн 2224 статьясынан үнөмдөлүп калган 12 600 (Он эки миӊ алты жүз) сомду энергия үчүн 2231 статьясына которулуп берилсин.
9. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке тапшырылсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |