Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31, 36 беренелеринин негизинде Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө караштуу “Универсал” муниципалдык чарбалык эсеп ишканасынын уюштуруу документтерин мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясы:
- Кара-Балта шаарынын башкармалыгынын мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн алдындагы “Универсал” муниципалдык чарбалык эсепт ишканасынын аталышына өзгөртүү киргизилсин, жана төмөнкү редакцияда берилсин:
“Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасы”;
“Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасынын уставы иштеп жаткан мыйзамдарга шайкеш келтирилсин;
- Киргизилген өзгөртүүлөрдүн долбоору уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашылсын;
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасын каттоочу органынан кайра каттоодон өткөзүлсүн;
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Универсал” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин алмашкандыгы туралуу каттоочу орган маалымдалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылууну өзүмө калтырам.
Төрага | А. Аалыев |