Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 7-12-29
Кемин шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык сан-эсеби жана түзүмү жөнүндө берилген маалыматты карап чыгып. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 5 август 2011 жылдын № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесинин 13 бөлүгүн жетекчиликке алып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык сан-эсеби 3,0 шт. бк. көлөмүндө 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кемин шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык сан-эсеби 18,0 шт. бк., ошонун ичинде 15 шт.бк. негизги персонал, 3 шт.бк. ТТП ТКП, 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кемин шаарынын мэриясынын ТКЧ бөлүмүнүнүн штаттык сан-эсеби 26,0 шт. бк. көлөмүндө 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. «Маданият» бөлүмүнүн 2019 жылга штаттык сан-эсеби 2,0 шт. бк. көлөмүндө 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. БӨСМ 2019 жылга штаттык сан-эсеби 15,0 шт. бк. көлөмүндө 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кэмин шаарынын мэри С.С. Досовго жүктөлсүн.
Төрага | К.Ш. Мамыров |