Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 8-12-29
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 59 беренесинин негизинде, Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө 2 май 2001 жылдын № 152 жобонун 5 пунктун жетекчиликке алып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн элдик курултайы төмөндөгүдөй күн тартиби менен 2019 жылдын 14 мартында чакырылсын:
- Кемин шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын аткаруу боюнча Кемин шаарынын мэри тарабынан берилген отчет
- Кемин шаарынын бюджетинин 2019-2021 жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоору.
- СООППВ «Суу-Омур» жыйынтык отчету
- СООППВ «Суу-Омур» жоюу жөнүндө
- Участкалык инспектордун 2018 жылдын отчету
- Ар кандай маселелер.
2. Ар бир кварталдык комитеттерден 5 өкүлү көлөмүндө өкүлчүлүк нормасы аныкталсын.
3. Кемин шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн элдик курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияны түзүү боюнча ыйгарым укуктар Кемин шаарынын мэриясына берилсин.
4. Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өткөрүлө турган зоналдык жыйындардын тиркелген графиги бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кемин шаарынын вице-мэри С.Б. Иманалиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Ш. Мамыров |