Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 01
Кара-Ой айыл аймагынын тургуну С.В.Ражапованын жазган арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 30-ноябрынан 01-декабрына караган түнү саат 02:30 да болгон катуу шамалдын кесепетинен, Кара-Ой айылынын, Совет кѳчѳсүнүн № 252 дарегинде жайгашкан турак үйгѳ, жол жээгинде ѳскѳн чоӊ бак кулап, жыйынтыгында турак үй катуу жабыркагандыгына байланыштуу, айыл тургуну, үй ээси Ражапова Светлана Владимировнага материалдык жардам катары, 20000 (жыйырма мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |