Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 02
Кара-Ой айыл аймагынын тургундары К.Исраилов, К.Керимканов, Ч.Теишева жана А.Тюлегенованын жазган арыздарынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 30-ноябрынан 01-декабрына караган түнү болгон катуу шамалдын кесепетинен, Кара-Ой айылынын тургундарынын турак үйлѳрүнүн чатырларын учуруп кеткендигине байланыштуу, материалдык жардам катары айыл тургундары Каныбек Исраиловго 5000 (беш мин) сом, Кубанбек Керимкановго 5000 (беш мин) сом жана айыл аймагынын аз камсыз болгон жакыр үй-бѳлѳлѳрү Атыркүл Тюлегенованын очок канасынын чатырын кайрадан жабууга 5000 (беш мин) сом жана Чынаркуль Теишеванын очок канасынын чатыры жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу, 5000 (беш мин) сом, баардыгы: 20000 (жыйырма мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |