Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 03
Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт Комитетинин тѳрагасы С.Кыдыралиевдин жазган талабынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт Комитетинин тѳрагасы С.Кыдыралиев, 2018-жылдын январь айынан тартып декабрь айына чейин 3500 (үч мин беш жүз) сом айлык маянасын албагандыгына байланыштуу, Жайыт Комитетине түшкѳн акча каражытынын эсебинен, баардыгы 42000 (кырк эки мин) сом акча каражаты эсептелип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |