Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XVII сессиясы

 

2018-жылдын 25-декабры № 69/17

Жазы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2020-2022-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө

 

Жазы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2020- 2022-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык Кеңешинин бюджет, экономикасы, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында алдын алып каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү - 25897,2 мин сомго жана чыгаша белугу 25897,2 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин

2. Айыл өкмөтүнүн 2020-2022 -жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин

3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 259,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин

4. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына 2019-2021-жылдарга жергиликтуу бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегеруу, тамак- аш, дары-дармек жана милдеттуу медициналык камсыздандырууга чегеруулер) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жузөгө ашыруу сунушталсын

5. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын

6. Республикалык бюджеттен тендөөчү грантардын эсебинен Коммуналдык чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликту өз алдынча башкаруу органдарды жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.

7. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыталышы боюнча пайдаланбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин каражаттары тиешелуу бюджеттерге өндүрүлүп алынаары эске алынсын.

8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганга атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин кирешесине алынаары белгиленсин.

9. Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмдө белгиленсин

10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

Э.Т. Амиракулова