Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-ноябры № 92/ХIV -27
Кенеш айылынын тургуну Тыныстанов Джумабек Исмаиловичтин Кочкорбаев айылдык Кенешинин 25.02.2014-жылдагы № 107/18-23 “Турмуш тиричилик үйүнүн имаратын ижарага берүү жөнүндө” (О предоставлении здании Дом быта на арендных условиях) токтомунун негизинде алган турмуш тиричилик үйүн ижарага алуудан баш тартып жаткандыгына байланыштуу жазган арызын карап чыгып жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн балансындагы турмуш тиричилик үйүнүн имаратын Дж. Тыныстановго ижарага берүү жөнүндө Кочкорбаев айылдык Кенешинин 25.02.2014-жылдагы №107/18-23 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жана тиешелүү документтерди толтуруу жер боюнча башкы адис С. Адиковго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |