ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 26-чакырылган Х1 сессиясы
2014-жылдын 21-майы № 79/ Х1-26
Ысык-Ата айылдык Кеңешинин нормативдик укуктук актылары жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктунун негизинде жана Ысык-Ата айыл аймагынын калктуу конуштарында жашап жаткан калктын 99% ти мамлекеттик тилде сүйлөгөн жарандар экендигин эске алуу менен Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айылдык Кенеши кабыл алган нормативдик-укуктук актылары Мамлекеттик реестрге каттоо үчүн Чүй облустук Юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде даярдалып өткөрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы жооптуу катчы Каптагаева К.С. жүктөлсүн.
Төрага | М. Андашов |