Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 94/ХV -27
Кочкорбаев айыл аймагындагы “Суу-бул өмүр” таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесинин директору Мирлан Карагулаковдун 2018-жылда аткарган иш аракеттери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы “Суу-бул өмүр” таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесинин директору Мирлан Карагулаковдун 2018-жылда аткарган иш аракеттеринин отчету канааттандыраарлык деп кабыл алынсын.
2. Курманалиев айылындагы “Үкү-Барат” таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесинин директору Жакшылык Курманалиев сессияга келбегендигине байланыштуу 2019-жылдын биринчи сессиясында отчет берүүсү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |