Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 95/ХV -27
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесинин негизинде түзүлгөн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д. О. Эгемкулованын “2019-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмүн бекитүү жөнүндө жана 2020-2021-жж. карата берилүүчү божомол тууралуу” маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмү 10431,5 миң сом суммасында бекитилсин. 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү киреше булактарынан келип түшкөн төлөмдөрдүн эсебинен калыптанат.
2. Бюджеттик процесстин алкагында 29.11.2018 -жылы №2731-У1 боюнча жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КР мыйзамын кабыл алуу жөнүндө”, “2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө жана 2020-2021-жж. карата берилүүчү божомол тууралуу” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 18.10.2017-ж. № 08-1-2/11574 менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин иш-аракетке киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык,
Планга жараша келип түшкөн төлөмдөрдөн 2019-жылга чегерилген төлөмдөрдүн ченеми бекитилсин:
- шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү кирешеге жараша салык 70% көлөмүндө;
- сатуулардан түшкөн салык – 50%;
- ыктыярдуу жана милдеттүү түрдө патенттөөнүн негизинде түшкөн салык – 100%;
- кен байлыктарын колдонууга салынуучу салык (Роялти), стратегиялык мааниге ээ болгон кен байлыктарынан тышкары – 50%;
- кен байлыктарын колдонууга укук берилгени үчүн алынуучу төлөмдөр:
- кен байлыктарын колдонуунун сынакка коюлган объектилеринен – жергиликтүү бюджетке 3% көлөмүндө;
- кен байлыктарын колдонуунун аукционго коюлган объектилеринен – жергиликтүү бюджетке 7% көлөмүндө;
- жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган төлөмдөр - жергиликтүү бюджетке 20% көлөмүндө.
3. Кирешелер жана чыгашалар боюнча жергиликтүү бюджеттин 2020-жылга карата коюлган негизги прогноздору 10721,2 миң сом суммасында, 2021-жылга карата 10983,2 миң сом суммасында кубатталсын.
4. 2019-жылга карата райондук бюджеттин чыгашаларынын каржыланышы факты түрүндө ырасталып алынган кирешелердин чегинде, анын ичинен эң биринчи кезекте коргоодо турган беренелер боюнча (айлык акы, социалдык фондко которуулуучу төлөмдөр, тамактандырууга корогон чыгымдар), төлөнүшү бекитилсин. Чыгашалардын коргоодо турган беренелери штаттык эсепте турган кызматтык бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
5. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджет боюнча айланууда турган кассалык накталай каражаты 2019-жылдын 1-январына карата 30000 сом деп бекитилсин.
6. Кочкорбаев айыл өкмөт башчысына кирешелердин чыгашалардан ашып кеткенинин, кирешелердин божомолдонгон төлөмдөрүнөн сырткары түшкөн, артып калган бош каражаттарынын эсебинен 2019-жылы бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүсүнө укук берилсин.
7. Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы тарабынан жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде киреше бөлүгүнүн ашыра аткарылышында бул ашыкча каражаттардын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин койгон талаптарын аткарууга, социалдык маселелерди чечүүгө, улуттук жана мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жоболорун, райондук мамлекеттик администрациясынын жоболорун ишке ашырууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык тейлөө боюнча карыздарды жабууга, эгер муктаждык пайда болсо, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга, ЖӨАБОрганына убактылуу каржылык көмөктөшүүгө, андан тышкаркы сатып алууларга жана чыгымдарга жумшалуу үчүн багытталаары алдын ала эсепке алынсын.
8. Каржы-экономикалык бөлүм башчысы тарабынан 2019-жылга карата чыгашалардын сметасы райондук каржы бөлүмүнө жиберилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл Кеңешинин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |