Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 96/ХV -27
Башкы адис Ч. Бейшекееванын долбоорлорду жазып жатканын жана ал долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат керек болуп жаткандыгын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түрткү берүүчү грантка үй бүлөлүк даарыгерлер тобунун имаратын оңдоп-түзөө ишине жазылып жаткан долбоорду кошо каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин долбоорунун алкагында бала бакчанын жарым бөлүгүн оңдоо жана көмүр менен жылытуу системасына өтүү үчүн от казанын орнотууга кошо каржылоо үчүн жалпы наркынын 3,75 пайызы жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин микродолбоорунун алкагында “Эки айылдын ички жолдорун оңдоп-түзөө” иштерине кошо каржылоого үчүн жалпы наркынын 3,75 пайызы жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |